​Окуу жылына маалыматтар базасы түзүлөт

29-Июнь 2017, Бейшемби

Билим берүү жана илим министрлиги Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын (БББМС) түзүү боюнча түшүндүрмө берет жана бул иш-чара биринчи кезекте билим берүү менеджментинин жаңы системасын киргизүү зарылдыгына байланыштылуугун белгилейт. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Окуу жылдын аякташына жана өргүү мезгилинин башталышына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин кошумча буйругу менен аталган системаны түзүү боюнча ишти улантуу 2017-2018-окуу жылынын ноябрь айына жылдырылган.

Автоматташтырылган маалыматтар базасы – бул билим берүүнүн бардык деңгээлиндеги окуучулардын контингентин ата-энелери жөнүндө маалыматтарга байланыштыруу менен жеке эсепке алуу. Бүгүнкү күндө мектепке барабаган балдар тууралуу расмий статистика өкмөттүк эмес сектордун жана эл аралык уюмдардын маалыматтарынан айырмаланат. Ошондуктан, Билим берүү министрлиги тарабынан түзүлгөн база окуучунун Жеке идентификациялык номери (ЖИН) жана ата-эненин Идентификациялык салыктык жана жеке номери (ИСН) аркылуу Мамлекеттик каттоонун Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри менен байланыштырылат.

Мындан тышкары, бул система бюджеттик чыгашаларды натыйжалуу пландаштырууга мүмкүндүк берет, анткени чечимдерди кабыл алуунун ачык-айкындыгы актуалдуу маалыматтар менен камсыздалат, билим берүүнү башкаруу органдарынын алып барган ишин автоматташтыруу жемкорлуктун ар кандай түрүн жокко чыгарат.

БББМСнын биринчи этабы билим берүүнүн бардык деңгээлинде статистикалык маалыматтардын электрондук базасын түзүүнү, анын ичинде, билим берүү уюмунун паспорту, окуучулар, ата-энелер жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлери жөнүндө маалыматтарды киргизүүнү болжолдойт. Ал эми экинчи этапта билим берүүнүн бардык деңгээлинде сапатты башкаруу системасы, анын ичинде, окуучулардын жана мугалимдердин жетишкендиктери, каржылоо боюнча отчетторду мониторингдөө ж.б.у.с. маалыматтар менен түзүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!