Кытай тилин үйрөткөн мектеп ачылды

3-Июль 2017, Дүйшөмбү

Бишкектеги мектептерде кытай тили окутула баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, вице-мэр Айгүл Рыскулова Кытайдагы Шэньси провинциясындагы Сиань шаарындагы түндүк-батыш университетинин жетекчилиги Бишкек расмий иш сапары менен келишип, анын алкагында билим берүү тармагында өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Меморандумга ылайык, «Жал» кичирайонундагы №95 «Достук» гимназия мекепте кытай тили окутулат. Кытай грантынын эсебинен курулган мектеп 600 окуучуга ылайыкташкан. Мында кытайлык мугалимдердин сабак берүүсү күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!