Ката кеткен аттестаттар кайтарылып берилет

19-Июль 2017, Шаршемби

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева «Тартип» ЖАКнын аткаруучу директору Алена Артеменко менен жараксыз болуп калган аттестатты алмаштыруу тууралуу пикир алышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, эртең 19-июлда Бишкекке аттестатка зарыл болгон кагаздар жеткирилмекчи.

"Бардык көчүрмөлөр 20-21-июлда даяр болмокчу. Даяр болгон аттестаттарды аймактарга жеткирүү иштери 22-23-июлда колго алынмакчы",-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, быйылкы бүтүрүүчүлөр июнь айынын аягында орто билим тууралуу аттестатын аларда, документтердин кээ бирлери ката менен басылып чыкканы билинген. Айрымдарында бүтүрүүчүнүн аты-жөнү туура эмес жазылса, дагы башкаларында "жалпы орто билими жөнүндөгү аттестатсыз жараксыз" деген сөздүн ордуна "жалпы орто билими жөнүндөгү аттестат жараксыз" деп жазылып калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!