Студенттер кошумча кесиптик билим алышмакчы

26-Июль 2017, Шаршемби

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы “АВЕП” коомдук фонду менен биргеликте Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ош шаарындагы диний окуу жайлардагы студенттер үчүн “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоорунун алкагында кесиптик билим берүү программасы ишке кирмекчи. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Абжапар” Ислам институтунда компьютердик билим берүү боюнча атайын жабдуулар жана техникалык каражаттар тапшырылса, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы “Имам Азам” медресесине ашпозчулук боюнча каражаттар тапшырылды. Ал эми Баткен облусундагы “Имам Азам” медресесине тигүүчүлүк кесиби боюнча техникалык каражаттар тапшырылып, студенттер үчүн абдан жакшы шарттар түзүлдү.

Кесиптик билим берүү үчүн алынган жабдууларды тапшыруу иш-чарасына Кыргызстан Мусулумандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Токтосун ажы Жапаров, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, “АВЕП” коомдук фондунун төрагасы Нурлан Токонов, АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинен атайын өкүлдөрү, окуу жайдын эмгек жамааты жана студенттер катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов аталган долбоордун алкагында диний окуу жайлардын студент жаштары үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткандыгын белгилеп, студенттер мындан ары диний билимди алуу менен бирге коомдун турмушундагы эң зарыл деп эсептелген кесиптик билимге ээ болоорун билдирди. Ошондой эле долбоордун ишке ашышына көмөктөшкөн өнөктөш тараптардын баарына ыраазычылык билдирди. Андан соң долбоордун алкагында “Абжапар” Ислам институтуна ашпозчулук, тигүүчүлүк жана компьютерди үйрөтүүгө окутуу багытындагы материалдык-техникалык жабдыктар тапшырылды.

Долбоордун менеджери Нарынбек Кыдыргычевдин айтымында долбоордун алкагында ушул жылдын 30-августунан тартып окуу жайдын бүтүрүүчү курсунун студенттерине бир жылдык мөөнөт ичинде ашпозчулук, тигүүчүлүк жана компьютердик сабаттуулук багытында кесиптик билим берилет. Бул үч багыт боюнча атайын тандалып алынган 5 окутуучу кесиптик билимге үйрөтүшмөкчү. Долбоордун максатына ылайык диний окуу жайлардын бүтүрүүчү курстарынын студенттери кыска мөөнөттүн ичинде кесиптик билимге ээ болуп, окуу жайды бүткөн соң кошумча кесиптик жумуштарга да иштей алуусун мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу болуп саналат.

Ошондой эле жогоруда аталган окуу жайдын студенттери үчүн кесиптик билим берүү үчүн тапшырылган материалдык-техникалык жабдыктардын жалпы баасы 600 миң сомду түзүп, АКШ элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Эскерте кетсек, аталган долбоордун алкагында Кыргызстандын түштүк аймагындагы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы 6 диний окуу жайда кошумча кесиптик билим берилмекчи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!