​Мугалимдердин орточо эмгек акысы 11,049 сомду түзөт

25-Авг. 2017, Жума

Бүгүнкү күндө мугалимдердин орточо эмгек акысы 11, 049 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2015-жылдан тартып мугалимдердин айлыгы 50,5 пайызга өскөн.

«Мугалимдердин эмгек акысы көтөрүлгөнгө чейин 7342 сом алышса, көтөрүлгөндөн кийин 11 049 сом алышат. Орто билим жана башталгыч билим берүү мектептерине иштеген мугалимдер учурда 13,613 айлык алат. Ал эми жаңыдан жумушка орношкон жаш мугалимдер 20 сааттын жумуш жумалыгы менен 8340 сом алышат»,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!