​Мектептерди интернеттештирүү программасы аткарылды

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Учурда өлкө боюнча 715 мектеп интернетке кошулду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, мектептерди дүйнөлүк торчо менен байланыштыруу программасы ашыгы менен аткарылды.

Ал эми калган 60 мектепте оңдоо иштери же жаңы имараты курулуп жаткандыктан, интернет менен байланыштырылган жок. Интернетти киргизүү ноябрга чейин улантылат.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкө боюнча 765 мектеп интернетке кошулары айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!