Мугалимдер үчүн «Бирге окуйбуз» семинары болду

17-02-2017

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда мугалимдер үчүн «Бирге окуйбуз» тажрыйба алмашуу семинары болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмү, Жаңы-Талаа айылындагы А.Мырзаибраимова атындагы орто мектепте USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоорунунун алкагында мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу семинары болду.

Семинардын максаты-мугалимдер арасында тажрыйба алмашуу жана кенже курактагы окуучуларды окутууда жаңы усулдук колдонмолорду колдонуу. Мындай иш-чара райондун башка айыл өкмөтүндөгү мектептерде уланмакчы.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!