КММАда микробиология боюнча олимпиада болду

17-02-2017

И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында (КММА) микробиология, вирусология, ииммунология боюнча эл аралык студенттердин олимпиадасы болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, олимпиадага 6 команда катышты. Алар, Ош мамлекеттик университети, Азия медициналык институту, Кыргыз-орус славян университети, Кыргызстан эл аралык университиети, КММА жана Башкир мамлекеттик окуу жайынан (Россия, Уфа) келген студенттер катышты.

Иш-чара КММАнын алгачкы ректору Борис Яковлевичтин 110 жылдыгына карата өткөрүлгөн.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!