​Ысык-Атада жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

13-Окт. 2017, Жума, 12:01

Чүйдөгү Ысык-Ата районундагы Туз айылында жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 100 балага ылайыкташкан мектепке чейинки билим берүү мекемесинде балдар кыргыз жана орус тилинде тарбияланат.

Бала бакчага 3 жаштан 6 жашка чейинки балдар кабыл алынат. Бардык талапка жооп берген бакча балдар үчүн эмеректер, оюнчуктар, окуу-усулдук колдонмолору, балдар аянты менен жабдылган.

Анын ачылышына айыл өкмөт башчысы, жергиликтүү тургундар катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!