​Кожобеков: «ЖОЖдор аккредитациядан өтпөсө диплом берилбейт»

20-Окт. 2017, Жума, 16:45

Бүгүн, 20-октябрда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жыйын залында КРдин Билим жана илим министрлигинин демилгеси жана Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттиги менен биргеликте жогорку окуу жайларынын аккредитациядан өтүүнүн жолдору жана өзгөчөлүктөрү тууралуу эки күнгө созулган семинар өтүүдө. Ага министрлик, Кыргызстандагы ЖОЖдордун өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков эгер Жогорку окуу жайлары аккредитациядан өтпөсө мамлекеттик деӊгээлдеги диплом берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырай турганын белгиледи.

Ал эми Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг агенттигинин өкүлү Гулияз Ниязова жылдан-жылга аккредетациядан өтүүгө кызыгуу күчөп бара жатканын айтат.

«Аккредитацияны жогорку окуу жайлар өз каалоолору менен өтөт. Алардын мөөнөттү кээ бири 6 ай менен гана чектелсе, айрым учурда узак убакытка созулат. Кыска мөөнөткө алган сертификатты узартуу үчүн атайын эксперттик коммисия келип, текшерүүдөн өткөрөт. Анан улантаары же ишин токтотоору белгилүү болот. Жылдан жылга аккредитациядан өтүүгө кызыгуу күчөп бара жатат. Ал эми бул жолку семинарда аккредитациядан өтүү үчүн онлайн анкета толтуруу мүмкүнчүлүгү киргизилди».

Эскерте кетсек, 2016-2020-жылга чейин ЖОЖдорго аккредитациядан өтүү милдеттендирилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!