“2017-жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

21-02-2017

Сузак районун бардык айыл өкмөттөрүндө педагогикалык-чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди аныктоо максатында “2017-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынактары өткөрүлүп, мыкты педагогдор тандалып алынды. Бул тууралуу Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Кароо-сынакка катышкан мугалимдер негизинен сабак өтүү усулу, өзүн тааныштыруу, эссе, тест, педагогикалык чыгармачылыгын өстүрүү жаатындагы жеке долбоорлорун суруш кылышып, алар калыстар тобу тарабынан бааларын алышты.

Райондогу Таш-Булак айыл өкмөтү боюнча Таалайгүл Идирисова атындагы мектепте өткөн кароо-сынакка Таш-Булак, Октярдын 40 жылдыгы жана Төрөмаматов атындагы мектептердин мугалимдери келишкен. Анда Таалайгүл Идирисова мектептин ар тараптуу активдүүлүгү жана чыгармачылыгы менен айырмаланган математика мугалими Айнура Сүйөркулова 1-орунга жетишти.

Сынактын жеңүүчүсү Айнура Сүйөркулованын айтымында, кароо-сынакта талаптар катуу коюлганы менен калыстар тобу тарабынан калыстык көрсөтүлдү.

“Балдар менен иштөө мен үчүн кызыктуу, ошондуктан мугалимдик кесипти тандап, бир топ жылдан бери мектепте эмгектенип келем. Эң негизи балдарга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүү биздин милдет”,- дейт ал.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!