Эл аралык эне тил күнүнө карата окутуучулар сыйланды

22-02-2017

Бүгүн, 21-февралда Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Ыйман, адеп жана маданият жылынын” алкагында Эл аралык эне тил күнүнө карата “Мамлекеттик тил жана адабият: ыймандын, адептин, маданияттын табигый булагы” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Конференция Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң азем залында өткөрүлүп, иш-чараны Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев ачты. Ошондой эле, аталган конференцияга КР Президентинин Аппаратынын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнөн, Билим берүү жана илим министринен, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондусунан, окуу жайдын окутуучулары катышты.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов. “Көркөм-адабий тексттердиги элдик адептик салттар жана аларды кыргыз адабиятын окутуу процессинде интерпретациялоо” темасында, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ж.Чыманов “Ыйман, адеп жана маданият түшүнүктөрү кыргыз тилин окутуунун мазмуну катары” темасында, филология илимдеринин доктору, профессор Т.Маразыков. “Эне тили – улуттун уюткусу”, педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Муканбетова “Этномаданий таанып-билүү мамлекеттик тилдин преоритеттүү багыты” деген темада жана башка окумуштуулар өзүлөрүнүн баяндамалары менен эл алдына чыгышты. Ж.Баласагын атындагы КУУнун айрым мугалимдери жана профессор Абдыкерим Муратовго Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамоталары менен сыйланды.

Ал эми конференциянын экинчи бөлүмүндө төмөнкү секциялар боюнча иштер жүрүп, жигердүү катышуучуларга тастыктамалар ыйгарылды:
1-секция. Мамлекеттик тилди окутуу аркылуу жаштарды адептүүлүккө, ыйманга жана маданиятка тарбиялоо
2-секция. Адабият адептүүлүктүн, ыймандын жана маданияттын өзөктүү каражаты
3-секция. Терминология жана котормонун түйүндүү маселелери
4-секция. Көп тилдүү билим берүүнүн көйгөйлүү маселелери жана келечеги.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!