​20 жыл күткөн бала бакча ачылды (фото)

14-Дек. 2017, Бейшемби, 14:21

Бүгүн, 14-декабрда Бишкектин Көлмө конушунда алгачкы жолу №93 «Адэми» бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Бала бакчанын ачылышына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мэр өз сөзүндө конуштун тургундары бала бакчанын ачылышын 20 жылдан бери күтүп жүргөнүн кошумчалады.

Шаардык казынадан курулуш иштерине 59 мл. 400миң сом жумшалган. 140 орунга ылайыкташкан. Бүгүнкү күндө 8 топко бөлүнүп 410 бала тарбияланмакчы. Заманап технология менен салынып, бардык шарттары бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!