Султан коло медалга ээ болду

19-Дек. 2017, Шейшемби, 10:14

Ушул жылдын 10-декабрынан 15-декабрына чейин Азербайжандын жаштар жана спорт министрлиги тарабынан уюштурулган физика, химия, математика предметтери боюнча "Талантаттарды даярдоо лабароториясы“ аттуу Эл аралык олимпиадасы өттү. Аталган олимпиадага Кыргызстандын мектеп окуучулар командасы катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Олимпиада катышкан окуучулар:

- Камил Мамбетов, Бишкек шаарындагы Ч. Айтматов атындагы лицейдин 8-классынын окуучусу (химия);

- Султанидинов Султан Азаматович, Нарын шаарындагы М. Субакожоев атындагы Эл аралык билим берүү мекемесинин 9-классынын окуучусу (физика);

- Абасканов Амир Нурбекович, Эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин 8-классынын окуучусу (математика).

Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы лицейинин мугалими Ажыбаев Улукбек Казыбекович команданын жетекчиси болуп дайындалган.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Нарын шаарынын Субакожоев атындагы лицейинин 9-классынын окуучусу Султанидинов Султан коло медалга ээ болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!