Өмүрбек: Түштүк Кореяда окуп-иштөөнүн өзгөчөлүктөрү кандай?

6-Янв. 2018, Ишемби, 14:11

Кара-Кулжанын кулуну Өмүрбек Таиров 26 жашта. Жети жылдан бери Түштүк Кореяда турат. Азыркы учурда Сеул шаарында эң алдыңкы жогорку окуу жайларынын биринде окуу катар эмгектенип жүргөн убагы. Мекендешибиз ал жактагы жашоосу жана Кореянын билим берүүдөгү өзгөчөлүгү тууралуу Zaman.kgге айтып берди.

Каарманыбыз Өмүрбек Таиров Ош облусундагы Кара-Кулжа районуна караштуу Жаңы-Талап айылында туулуп өскөн. Мектепти аяктаары корей тилин өздөштүрүп, Түштүк Кореяга барып иштегенге максат койгон. Жаштын тилегин бат берет дегендей, 2011-жылы тест тапшырып, андан ийигиликтүү өткөн соң Түштүк Кореяга жумушка орношууга чакыртуу алган.

- Окуучулук кезимде эле негедир Түштүк Кореяга баргым келчү. Анын үстүнө ал жылдары дагы эмгектенген мекендештердин катары өсүп жаткан. Албетте Кореяга кетип, ишке орношуу дагы оңойго турган жок. Алгач корей тилин окуп, кийин Кыргызстан менен Түштү Кореянын ортосундагы келишимге ылайык, бөлүнгөн квотага киргим келди. Тесттин жыйынтыгын 3 жылдай күттүм. 2011-жылы чакыртуу алып, Сеул шаарындагы медициналык бет кап чыгаруучу заводго жумушка орноштум. Дээрлик 4 жыл 10 ай иштедим. Бул аралыкта менин дагы бул өлкөдө окуп, иштеп калууга кызыгуу пайда болду. Кыргызстанга барып кайра келип, Жогорку окуу жайына өтүү үчүн тийиштүү документтерди чогултуп, Түштүк Кореянын эң алдыңкы жана Евразиядагы беделдүү окуу жайлардын бири Yonsey универистетине тапшырып, көздөгөн максатыма жетүү үчүн билим алып жаткан убагым.

Студенттердин эркине, жөндөмүнө көп көңүл бурушат

- Кыргызстан менен Түштүк Кореянын билим берүү тармагында өтө чоң айырмачылык бар экенин байкадым. Бул жакта студенттин кызыкчылыгын жана эркин жогору коюшат. Мисалы мен көңүлүм сүйгөн, кызыккан предметти тандап, кызыкпаган предметтен баш тартууга укугум бар. Алсак, бизди юристтер экология, адабият сыяктуу сабактарды окушат. Кореяда ким кайсы адистикте билим алышпасын ошол адисттикке тийиштүү предметтерди студент өзү тандайт. Студенттердин жөндөмүнө, кабыл алуусуна дагы көп көңүл буруп, ага жараша дагы билим беришет. Мындан тышкары окуунун алгачкы 6 айынан кийин студент жумушка орношуп, окуу менен жумушту айкалыштырууга дагы болот. Эгер мен күндүзү иштеп, окууга убактым болбосо түнкүсүн окууга барып, өзүмө ыңгайлуу убакытты тандап билим алууга мүмкүнчүлүгүм бар. Окуу жай күнү-түнү дебей 24 саат бою эшиги ачык иштей берет. Студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Болгону окутуучулар берилген тапшырманы өз убагында так, толук аткаруу керек. Ошондой эле көпчүлүк студенттер үчүн жумуштар дагы бар. Мен болсо окуу жайыма жакын болсун деп кафелердин биринде эмгектенем.

Идиш жуугуч болуп жумушка орношуп, кийин ашпозчу болдум

- Жаңыдан кафеде идиш жуугуч болуп жумушка орношком. Кийин корей тамактарын жасаганды өздөштүрүп, ашпозчунун жардамчысы кийин ашпозчу болуп иштеп жатам. Сеулда бош жүргөн адамдарды көрбөйсүң, адамдар кайда дыр шашып жүргөн болот. Коомдук унаада дагы отуруп бара жатсаң улуу мундагылардан тартып жаштар китеп окуп бара жатканын көрөсүң. Убактытта абдан баалашат. Бош убактыларын пайдалуу жака жумшагылары келишет. Ушундан улам ойлоп калдым. Жаштар улуулардан көп үлгү алышкандыктан билимге унтулган жаштар көп. Корейлерде ата-энелер балдарын бул окууну оку деп деле кыстабайт. Бала мектепте окуп жүргөн кезинен эле кайсыл адистикке окуу керектигин өзү чечим чыгарып, билим алышат. Бул жагынан биздин окуучуларга дагы көп көңүл буруу керектигин түшүндүм. Анткени Кыргызстандагы көптөгөн таланттуу, билимге дилгир окуучулар чет өлкөгө кантип окууга тапшыруу керектигин, кандай программалар бар экендигин билишпегендиктен Кыргызстанда гана чектелип жатышат.

Кыргызстан тууралуу корейлер биле беришпейт

- Сеулда жашаган корейлердин көпчүлүгү Кыргызстан тууралуу маалыматты биле беришпейт. Аларга Казакстан, Өзбекстандын жанында биз турабыз деп түшүндүрүп айткан соң гана өзүнчө өлкө экенин билишет. Алар бизди казактар деп айта беришет. Ошондон улам Кыргызстанды таанытууда салт-санаабызды, маданиятыбызды таанытууда алгылыктуу иш-чараларды байма-бай уюштуруп турабыз. Бул жакта кыргызстандык студенттер дагы өтө көп. Жыл сайын 130 мамлекеттин өкүлдөрү катышуусунда фестиваль өтүп келет. Ал жактан жана окуу жайдагы иш-чараларда “келчекте Кыргызстан туризмдин мекени болот” деп сыймыктануу менен айтып келебиз.

Окуучуларга багыт көрсөткөн агенттик ачкым келет

- Бул жактан үйрөнгөн билимибизди Кыргызстанга жумшагым келет. Бул өлкөдө калып калуу деген планымда жок. Кудай буюрса жакшы билим алып, тажрыйба топтогон соң мекениме барып, окуучуларга багыт, жол көрсөткөн агенттик ачайын деп турам. Өзүм окуучулар менен иштегенди абдан жактырам. Анткени аларга башыңыдан өткөн окуяны айтып берсең таасирдүү болот эмеспи. Башында атап өткөндөндөй көпчүлүк окуучулар мектепти аяктаары менен ата-энесинин айткан кебинен чыга алышпай өзү кызыкпаган окуу жайга тапшырышып, окууну аяктап жатышкандар көп. Мен аларга Кыргызстандан тышкары Түштүк Кореянын алдыңкы окуу жайлары менен келишим түзүп, кыргызстандык окуучуларды гранттык орундарга болобу, жеңилдетилеген окуу болобу аларга багыт берип, жол көрсөтүп жардам берейин деген максаттарым бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!