"Билим үчүн азык” программасы ишке кирет

6-Фев. 2018, Шейшемби, 10:01

Мерсико Кыргызстан 2021-жылга чейин МакГоверн-Доулдун "Билим үчүн азык” жаңы программасы ишке кире турганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Бул программа учурдагы МaкГоверн-Доулдун программасынын иш-аракетин толуктап, өлкөбүздүн алыскы жана тоолуу аймактарында жайгашкан 430 мектептин башталгыч класстарын камтыйт.

Анын Бишкектеги ачылыш салтанатынат аземине Президенттин аппаратынын жана АКШнын элчилигинин, Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү министрликтеринин өкүлдөрүнүн катышты.

Ошондой эле, Ысык-Көл, Талас, Нарын жана Чуй областтарынын программага катышкан 84 мектебинин директорлору жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты. 2018-жылдын 8-февралында Ош шаарында Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарындагы бенефициарийлер үчүн семинар болот.

Бул программанын негизги максаты Билим берүү министрлиги ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын мектептеринде тамактандырууну өнүктүрүүчүулуттук программасын колдоого багытталаган. Программанын алкагында Мерсико азык-түлүк (байытылган ун, А витаминине байытылган өсүмдүк майы, буурчак жана күрүч), ошондой эле заманбап ашкана жабдууларын алууга, мектеп ашканасын жана инфратүзүмдү оңдоого гранттарды берет. Мектептеги тамактандыруу программасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мектеп персоналы тийиштүү семинарларга жана ашпозчулар Билим берүү министрлигинин кесиптик лицейлеринде квалификациясын жогорулатуу курстарына катышышат.

Мерсико Кыргызстанда 1994-жылдан тартып иш алып барат жана 15 жылдан ашык убакыттан бериар түрдүү билим берүү мекемелерине материалдык жана техникалык колдоо көргөзүп келе жатат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!