Парацетамолдун зыян экени аныкталды

4-Апр. 2018, Шаршемби, 11:56

Парацетамол дарысын адамдар көбүнчө баш ооруганда ооруну басуу үчүн ичип келишет. Дене табын төмөндөтүүчү таасири да бар. Бирок бир ооруга шыпаа болгон дарынын организмдин башка органдарына зыян экени аныкталды.

Американын окумуштуулары ушуга байланыштуу изилдөө жургүзүп көрүштү. Тажрыйбага 18 жаштан ашкан 455 адам өз эрки менен катышууга макулдук беришти. Ошондой эле, 1880 европалык эгиздер менен 1235 афроамерика жана испан урпактарынын документтери каралды.

Адистер парацетамол дарысын көп колдонгон бейтаптардын организминен тукумсуздукту байкашкан. Дарынын ден соолукка терс таасири бар экени тактап айтканда тукумсуздукка чалдыгып калуу коркунучу жаралышы мүмкүн. Ал эми кош бойлуу аялдар бул дарыны ичишсе, эмбриондун нерв системасынын өнүгүшүндө көйгөй жаралышы ыктымал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!