Банандын пайдасы

22-Март 2017, Шаршемби

Банан С, В витаминдерине бай болгондуктан сасык тумоодон сактап, чарчаганды көп сездирбейт. Бир күндө эки банан жеген адам организмин калий менен камсыз кылып, бир күндүк энергияны топтой алат экен. Норвегиянын окумуштуулары бананды күнүгө жеген адам кан басымы калыбына келип, ага эч кандай дарынын кереги тийбесин далилдешкен. Андан сырткары, бөйрөк, боору ооругандарга банандын жардамы чоң. Медиктер бул жемишти жаш балдарга, улгайган адамдарга көбүрөөк колдонууну сунушташат. Спорт менен машыккан адамдар короткон энергиясын эки банан жеп калыбына келтирсе болот.

Ал эми ашыкча салмактан арылууну каалагандарга бул жемиштин зыяны чоң. Себеби, банандын курамындагы калорий картошканыкынан да көп. Кант диабети менен ооругандар үчүн банан табылгыс дары.

Бананда темирдин курамы көп болгондуктан анемияны да кандайдыр бир деңгээлде жеңе алат, гемоглобиндин калыбына келишине түрткү болот. Мээге да оң таасирин тийгизип, бананды көп жеген адамдын эске тутуусу, бир нерсени кунт коюп угуусу жогорулайт. Зарна болгондо, оозуңузга кычкыл даам келгенде дагы банан жардамга келет. Эртең менен тамакка табитиңиз тартпаса, бир нерсе жээрден мурда бананды жеп туруп артынан бир стакан жылуу суу ичсеңиз жакшы жыйынтык берет. Чылым чегүүнү таштай албай жүргөндөргө, банандын курамындагы калий менен магний никотинди жеңүүгө жардам берет.

Кызыктар...

Египетте банандын кандайдыр бир сыйкырдуу күчү бар деген ишенимде болушкан. Ошондуктан египеттиктердин көпчүлүгүнүн үйлөрүнүн чатыры банандын формасында.

Банан жалаң эле сары эмес, кызыл түстө да болот. Кызыл түстөгү бананды алыскы жолго алып чыгууга жараксыз, бат эле эзилип кетет. Негизи эле бананды чала бышырып үзүп алышат. Анткени жасалма жол менен жетиле бышкан банан кыйла даамдуу болот. Банан 75-150 күндө бышат.

Банан бакта өсөбү, же жерде өсөбү? Бакта өсөт деген ойдо болсоңуз жаңылышасыз, анткени, банан пальмага түспөлдөш чөп. Жерден өскөн бийиктиги 10 метрге чейин жетип, диаметри 40 метрге жетет. Бир бутагында 300 дан болуп, жалпы салмагы 500 килограммга жетет.

Ив Сен-Лоран колдонгон косметика жалаң банандан болгон. Кээ бир маалымат булактарынын тараткан маалыматтарына таянсак, ал крем даярдаш үчүн үйүнө жүздөгөн тонна банан толтуруп койгон экен.

Баарынан да банандын пайдалуу жактарын Индиянын жашоочулары таап чыгышкан. Банандын кабыгын басып тайгаланып жыгылган көрүнүш сизге таанышпы? Индиялыктар кайыкты сууга жеңилирээк түшүрүш үчүн кайыктын түбүнө банандын кабыгын жармаштырып коюшат. Бир чоң кайыкты сууга жеңил түшүрүү үчүн 20 миң банан керектелет

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!