Адамзатка кооптуу «Икс оорусу» пайда болду

13-Апр. 2018, Жума, 14:34

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өтө кооптуу «Икс оорусу» тууралуу эскертүү жасады. Окумуштуулар өлүмгө алып келген вирустун аты белгисиз экенин, аны «Икс» деп өздөрү атап коюшканынын айтышты. Бул тууралуу “Daily Star” маалымат булагы билдирет.

Норвегиянын Илимий Кеңешинин аткаруучу директору жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кеңешчиси Джон-Арне Роттингендин айтуусу боюнча, диагностикалык сынактар менен вакциналар иштелип жатат.

Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул оорунун түрүн Эбола вирусунан да, Ласса безгегинен да коркунучтуу болорун айтышат.

Азырынча Икс оорусу толугу менен изилдене элек. Адистер анын үй жаныбарларынан же көпчүлүккө ВИЧ аталышы менен белгилүү оору түрүнө чалдыккан адамдар менен байланышуу аркылуу таралып жатканын айтышууда.

Эбола вирусун жапырт жуктуруп алуу жагдайы боюнча дүйнөдө 2015-жылы тиркелген жана 11 миң адам бул дарттан улам көз жумган. Бул дарттын түрү менен күрөшүүгө Казакстан, Россия менен Кытай өлкөлөрү 60 млн. доллар жумшашкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!