Зыяндуу шишикти 10 секундда кантип аныктаса болот?

17-Апр. 2018, Шейшемби, 16:13

Остиндеги Техас университетинин окумуштуулары менен инженерлери зыяндуу шишикти өтө ылдам аныктоочу түзүм ойлоп табышты.

Жаңы инновациялык түзүм “MasSpec Pen” деп аталат. Дарыгерлердин колдо кармап жүрүүлөрүнө да ыңгайлуу, чөнтөккө батып да кетет.

Технология хирургдарга операция жасаган кезде кандай тканды калтырып, кайсынысын алып таштоо керектиги жөнүндө так диагностикалык маалымат берет.

Дарыгерлердин пикири боюнча, зыяндуу шишити аныктоодо буга чейин колдонулуп келген технология убакыт менен тактык жагынан “MasSpec Pen” түзүмүнө жете албайт деп белгилешүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!