Ракка каршы препарат табылды

25-Апр. 2018, Шаршемби, 14:59

Япониянын “RIKEN” физика-химиялык изилдөө институтунун окумуштуулары А витамининин негизинде жасалган химиялык кошулма гепатоцеллюлярлуу карциноманын кайталануусун токтотот деген жыйынтык чыгарышты. Аталган оору – көбүнчө дарылоого мүмкүн эмес боордун рагынын көп тараган жана өтө коркунучтуу түрү. Бул тууралуу “MedicalXpress” маалымат булагы кабарлады.

Адистер ацикликалык ретиноид боор клеткаларында шишик жана башка жаман ооруларды козгогон “MYCN” генинин экспрессиясын азайтары аныктады. Изилдөө корутундуларына караганда рак клеткаларында “MYCN” активдүүлүгүн басуу, башка клеткалардын бөлүнүүсүнүн ылдамдыгын азайтат, зыяндуу ткандын өсүүсүнө бөгөт коюп, өлүп жаткан клеткалардын санын көбөйтөт.

Окумуштуулар хирургиялык операциядан кийин ацикликалык ретиноиддун көп дозасын (күнүнө 600 миллиграмм) ичип жүргөн рак менен ооруган пациенттердин боор тканынан биопсия алышты.

Эми изилдөөчүлөр ацикликалык ретиноиддин пайдасын далилдөө үчүн препаратты ооруп жаткан адамдарды дарылоого үчүн клиникада пайдаланылып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!