Тамак-аш аллергиясына көңүл бөлүңүз!

Тамак-аш аллергиясына көңүл бөлүңүз!
14-Май 2018, Дүйшөмбү, 12:18

Кээ бир азык-түлүктөр кээ бир адамдарга жагымсыз таасир бериши мүмкүн. Бирок аллергия катары терс белгилердин баарын айтуу туура эмес. Аллергиянын эмне экендигин, белгилерин жана кандай сактануу керек экенин билүү пайдалуу.

Тамак-аш аллергиясы деген эмне?

Азык-түлүк аллергиясы тамак-ашка болгон реакциялардан келип чыгат. Жеке же болбосо башка пайдалуу заттардын иммунологиялык же иммунологиялык эмес факторлору. Бул реакциялар мүмкүн болушунча тез арада аныктап билип, сактык чараларын көрүү керек.

Кайсы азыктар аллергия чакырат?

Аллергияны туудурган көптөгөн азыктар бар. Алардын кээ бирөөлөрү - балык, кургак буурчактар, татымалдар, жаңгактар, буламыктар, эт түрлөрү, дан эгиндери, шоколад, мөмө жана жер-жемиштер. Бул аллергияны козгогон жалгыз тамактар эмес.

Белгилери кандай болот?

Аллергия түрдүү жол менен пайда болушу мүмкүн. Тамак-аш сиңирүү системасындагы диспепсия, кусуу,курсактын курулдоосу, ичегилердин түйүлүсү, нерв системасында байкалган тынчсыздануу, баш оору, уйкуга тартуу, начарлоо, пайда болуп кайра жок болуп кеткен оорулар, гиперактивдүүлүк, нервтенүү, токтоосуз дааратканага баруу, муундар менен булчуң эттин ооруксунуусу, дем алуу белгилери, импульстун ылдамдыгы, калчылдоо, шишип кетүү, кычышуу жана башка белгилер пайда болуусу ыктымал.

Тамак-аш аллергиясы үчүн кандай сактык эрежелерин колдонуу керек?

Аллергиянын алдын-алуу үчүн ар бир адам өз ден соолугуна көңүл буруп, өз убагында дарыгерлерге кайрылса, бул ооруга оңой менен чалдыкпайт. Анткени, дарылоону врач гана жүргүзүшү керек. Ооруну чакырган аллерген аныкталса, аны дарылап айыктыруу жеңилге турат. Лабораториялык диагностикалык ыкма ар кыл заттарга организмдин жогорку сезгичтигин аныктоого мүмкүндүк берет. Ал эми врачтардын дарылоосу оорулууга аллергендердин келип түшүүсүн токтотууга жана аллергенге сезгичтигин төмөндөтүүгө багытталган. Аллергенге сезгичтикти төмөндөтүү гипосенсибилизация (десенсибилизация) деп аталат.

Гипосенсибилизация-оорунун белгилери жок мезгилде жүргүзүлөт. Мисалы, кан басымы төмөндөп кетсе аны нормага келтирүүчү, бронх астмасында бронхторду кеңейтүүчү ж.б. дарылар берилет. Врачтар жазып берген дарыларды ичкенден сырткары, үйдүн ичин таза кармоо да зарыл.

Ошондой эле организмдеги бардык инфекциянын очогун (ооруган тиш, мурундун сезгениши ж.б.) жоготуу керек. Ичеги-карындын иштешин жакшыртуу тамак-аш аллергиясын азайтат. Балдарда аллергиянын алдын-алууда эмчек эмизүү негизги шарт болуп эсептелет. Эмгектенүү жана эс алууну туура айкалыштыруу да чоң мааниге ээ.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!