Глобалдуу ысык аба ырайынын таасири

27-Март 2017, Дүйшөмбү

Глобалдуу ысык аба ырайы ден соолугубузга кандай таасир берет?

Окумуштуулар далилдегендей табияттагы глобалдуу ысык аптаптуу күндөр адамдын көңүлүнө гана эмес, ден соолугуна да таасир берерин айтышууда.

Күтүлүп жаткан глобалдуу ысык аба ырайы өзү менен бирге түрдүү ооруларды жана моралдык жактан жабыркоолорду алып келет.

“The Huffington Post” басылмасы кайсы оорулар күчөшү туурасында жазып чыкты.

Жүрөк ооруларын козгойт

2011-жылы окумуштуулар изилдөө иштерин жүргүзүшүп, анда күн катуу тийип, ысык болгон айлардагы жүрөктүн согушун изилдешкен.

Жыйынтыгында канчалык жүрөктүн согушу ылдыйлаган сайын (вариабельность сердечного ритма), ал ошончолук өлүм коркунучун жогорулатып, инфаркка алып барат.

Ошондой эле ысык аптаптуу күндөрдө жүрөк-кан тамырлар системасынын иштөөсүнө да таасир берет. Буга озон катмарынын жукарышы себепчи болот.

Астма жана аллергиянын күч алышы

Астма жана аллергия оорулары менен жабыркаган миллиондогон адамдар климаттык өзгөрүүлөрдөн жабыр тартышат. Себеби эрте келген жаз мезгилинде гүлдөрдүн, чөп-чарлардын чаңдашуу убактысы узарат. Ал эми абадагы көмүртек диоксидинин көтөрүлүшү өсүмдүктөрдүн гүлдөп, өсүшүнө түрткү болот.

Бактериялар көбөйөт

Булардын арасынан сальмонелла бактериясын бөлүп көрсөтсөк болот. Бул ар түрдүү коркунучтуу ооруларды алып келет.
Мындан сырткары көлдөрдөгү суунун температурасынын көтөрүлүшү деңиз азыктарына коркунуч жаратат. Себеби суудагы сымаптын концентрациясы жогорулайт.

Психикалык жактан жабыркоо

Дал ушул убактарда агрессия күч алып, суицидке түртүүчү жагдайлар пайда болот.

Ошондой эле глобалдуу ысык аптаптан улам табияттагы түрдүү кырсыктар күтүлөөрү белгиленген. Бул жагдайлар адамдардагы стресстик абалды күчөтүп, нервдин жукарышы, депрессиялык оорулар көбөйөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!