Бөйрөктү дарылоонун элдик ыкмалары

Бөйрөктү дарылоонун элдик ыкмалары
22-Май 2018, Шейшемби, 10:42

Адам үчүн ден-соолуктан ашкан асыл дүнүйө жок. Бардык ички он эки мүчө жана сырткы он эки мүчөсү кадырлуу да керектүү да экени белгилүү. Ички органдардын арасындагы бөйрөктүн ролу да өтө маанилүү.

Бөйрөк табарсык жолдору менен байланышкандыктан ага таш уюп калса аны көптөгөн дарылоо жолдору бар. Элдик медицинасында төө тикен (житик) чөбү дарылыкка колдонулат. Ал чөлдү, кумду, талааларда көп өскөн төөнүн негизги азыгы. Курамында С витамини, каротин эфир майлары, гликозид бар. Төө тикен чөбүнүн ички органды иштеткен, заара чыгаруучу, тер чыгаруучу, өттүн ишин жана каршы таасир берүүчү касиети менен өзгөчөлөнөт. Дары жасаш үчүн төө тикен чөбүн жазында айларында, тамырын күзүндө жыйнашат. Өсүмдүктүн жалбырактары менен бутактарынан жасалган тунманы жөтөл басуучу дары катары жана бөйрөккө таш уюганда пайдаланса жакшы натыйжа берет.

20 г тамырды 1 стакан кайнап турган сууга салып, 20 мүнөт тундуруп коёт, андан кийин сүзүп алып 4-5 кашыктан күнүнө 3 жолу ичиш керек. Бөйрөктө таш, кум жыйналганда жүрөктүн кызматы начарлап денеге шишик чалганда да жогоруда айтылган тунманы 1 кашыктан күнүнө 3 жолу ичкен жакшы.

Бөйрөктүн кызматын жөнгө салганга жүгөрү да миңдин бири. Бирок аны чектен сырткары жеш керек эмес. Бөйрөктүн кызматы бузулганда көздүн асты көгөрүп калат. Эми бөйрөк оорусун биокүчтүн жардамы менен да дарылоого болот. Ал үчүн сеанс алуу убактысы 15 күн менен 30 күн аралыгын камтуу керек. Бөйрөк оорубашы үчүн суу ичүүнү токтотпош керек.

Эскертүү! Бул кеңештерди колдоноордон мурда дарыгерден кеңеш алыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!