Гепатитке кабылгандардын саны азайган

30-Март 2017, Бейшемби

Жалал-Абад шаарында 2017-жылдын алгачкы эки айында вирустук гепатитке кабылып, оорудан жабыр тарткандар саны өткөн 2016-жылдын экинчи айына салыштырмалуу үч эсеге азайган. Бул тууралу областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Хадича Пратова билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын алгачкы эки айында 29 адам вирустук гепатит оорусуна чалдыккан болсо, быйылкы жылдын февраль айында 9 оору катталган.

“Бул оорунун эң кыйын жери бир жылга чейин оорунун белгиси байкалбаганында. Оору дени соо кишиге вирус менен булганган тамак-аш, оюнчук, сүлгү, идиш-аяк, жуулбаган кир колдор аркылуу жугушу мүмкүн. Жалал-Абад шаарында январь, февраль айларында 9 киши аталган оору менен катталып, алар дайыма биздин көзөмөлүбүздө болуп, медицина кызматкерлери алардын үйлөрүнө жума сайын барып, текшерүү иштерин жүргүзүп жатышат. Биз азыр шаар тургундарына, бала-бакчаларда, мектептерде түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп жатабыз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, жугуштуу оорулардын алдын алуу, ушул багытта дарыгерлердин билимин арттыруу максатында област боюнча 17 дарыгер Бишкек шаарына барып, билим-тажырыйбаларын арттырып келүүгө даярданып жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!