Ашказанда “экинчи мээ” бар экени аныкталды

Ашказанда “экинчи мээ” бар экени аныкталды
11-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 10:17

Окумуштуулар организмдеги дагы бир мээ тууралуу айтып жана анын иштөө эрежесин түшүндүрүштү. Бул тууралуу “iz.ru” сайты маалымдайт.

Окумуштуулар ичеги нерв системасы да баштагы мээ сыяктуу он миллиондон ашык нейрондордон турат жана борбордук нерв системасынан, жүлүн менен баштагы мээден башкача иштерин аныкташты.

Ичеги нерв системасы ашказан, ичеги-карын жолдорунун кызматына жооп берет.

“Ичеги нерв системасынын кызматы мээнин кызматына окшош. Ал баштагы мээге көз карандысыз, өз алдынча иштей ала турган жалгыз мүчө болуп саналат», - дейт изилдөө жумуштарынын авторлорунун бири, профессор Ник Спенсер.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!