Күнүнө 8 саатан ашык отуруунун зыяны

Күнүнө 8 саатан ашык отуруунун зыяны
10-Июль 2018, Шейшемби, 13:35

“Ордуңан тур! Бул отургуч сени өлтүрүп тынат!" («Get Up!: Why Your Chair is Killing You and What You Can Do About It» ) китебинин маалыматы боюнча, узак убакыт отуруу адамдын ден-соолугуна өтө зыян.

1. Омурткага салмак түшөт

Калифорниялык университеттин профессору Гален Кранцтын айтуусу боюнча, отуруу - адамдын денеси таптакыр башка, табигый эмес дүйнө. Адам омурткасы формасында болуш керек, бирок адам отурганда бүкүрөйөти, булчуң эт алсырайт, бардык салмак жамбаш сөөк менен омурткага түшөт да, омуртка дисктеринде кысым пайда болот. Моюндагы омурткалар андай кысымдан кысылат, мээге кан жакшы жетпей баштайт. Натыйжасында баш оору, көздүн көрүүсү начарлай баштайт.

2. Жүрөк, кан-тамыр системасы

Физикалык активдүүлүктүн жоктугунан эрте жашта атеросклероздун пайда болушуна алып келет. 13 жыл бою жүргүзүлгөн, 17 миңден ашык адамды камтыган чоң изилдөөдө көбүнчө отуруп иштеген адамдардын жүрөгү кармап калып кайтыш болуу ыктымалдуулугу 54 пайызага жогору болгон.

3. Ашыкча салмак

Адам отурган учурда организмдин майды эритүү жөндөмү 90 пайызга азаят, инсулиндин деңгээли төмөндөп, кан басым, тескерисинче көтөрүлөт. Ал эми жумушту туруп иштегендер калорияны 35 пайызга көбурөөк жумшашат.

4. Булчуң эт менен сөөк

Аз кыймылдоо менен бүкүрөйүп отуруунун кесепетинен булчуң эт алсыз жана бош болуп калат. Ошону менен катар адам отурган кезде сөөк денени кармап турууга эч кандай күч салбайт, ошол себептен убакыт өткөн сайын сөөктүн түзүлүшү өзгөрүп, сөөктүн өзү алсыз, тез сынып кала берет.

5. Тамак-аш сиңирүү системасы

2011-жылы узак отуруу клеткалардын инсулинди тұтыну деңгээлин төмөндөтөөрү аныкталган. Ал диабет жана башка ооруларга алып келиши мүмкүн.

6. Эрте картаюу

"The Lancet" журналынын маалыматы боюнча, гиподинамиядан жылына болжол менен 5,3 млн адам көз жумат. Хромосомаларда орун алган теломерлер (адамдын жашы улгайган сайын сырткы зыяндуу факторлордон коргоого милдеттүү) адам аз кыймылдаса кыскара баштайт. Жыйынтыгында адамдын картаю процесси тездейт. Ар бир отуруп өткөргөн 1 саат өмүрүңүздүн 2 саатына тең болот.

7. Уйкусуздук

Отуруп жумуш иштегенде организм эс алууда деп түшүнүшү мүмкүн. Ошол себептен кечке карай уктачу убакыт жакындаганда организм сизди"күнү бою эс алды го" деп ойлоп, уйкуга көнбөшү мүмкүн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Эксперттер эң мыкты үй-бүлөлүк унаалардын тизмегин түзүштү
Эксперттер эң мыкты үй-бүлөлүк унаалардын тизмегин түзүштү
Бактыбаев:
Бактыбаев:"Биздин өлкөдө адамды адам сатууга тыюу салынган"
Бишкекке жаңы 52 троллейбус алынып келинди (видео)
Бишкекке жаңы 52 троллейбус алынып келинди (видео)
Көз жумган кызга iPhone түрүндө эстелик коюлду
Көз жумган кызга iPhone түрүндө эстелик коюлду
Футболчулар калысты сабашты (видео)
Футболчулар калысты сабашты (видео)
27-сентябрь:Тоолуу аймактарда жаан жаашы мүмкүн
27-сентябрь:Тоолуу аймактарда жаан жаашы мүмкүн
“Игра престолов” тартылган жерлер туристтик аймакка айланат
“Игра престолов” тартылган жерлер туристтик аймакка айланат
Ырчы Каныкей кыздуу болду (фото)
Ырчы Каныкей кыздуу болду (фото)
Ибраимов ​“Кыргызстан улуу акындардын жана жазуучулардын мекени”
Ибраимов ​“Кыргызстан улуу акындардын жана жазуучулардын мекени”
Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо жараяны жүрүүдө
Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо жараяны жүрүүдө
Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсүнө кылмыш иши козголду
Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсүнө кылмыш иши козголду
ЕАЭБ талаптарына туура келбеген күйүүчү май КРга киргизилбейт
ЕАЭБ талаптарына туура келбеген күйүүчү май КРга киргизилбейт
Чолпон Талипбекова пластикалык операция жасаттыбы?
Чолпон Талипбекова пластикалык операция жасаттыбы?
18 млн сомго жакын бюджеттик каражатты ыйгарып алгандар аныкталды
18 млн сомго жакын бюджеттик каражатты ыйгарып алгандар аныкталды
Трамп БУУда эмнелерди айтты?
Трамп БУУда эмнелерди айтты?
Дима Билан жол кырсыгына кабылды
Дима Билан жол кырсыгына кабылды