Зыяндуу шишикке каршы ботко менен печенье

Зыяндуу шишикке каршы ботко менен печенье
11-Июль 2018, Шаршемби, 14:12

Россиялык окумуштуулар гормонго шишиктерди алдын алууга мүмкүндүк берген азыктарды ойлоп тапты. Алар – мюсли батондору, сулуу печеньеси менен тез даярдалган ботко. Бул тууралуу «Известия» газети маалымдайт.

Азыктардын курамында биологиялык активдүү нутриенттер – биойод, селен жана антиоксидант түрүндө таасир берип, зыяндуу шишикке чалдыгуу коркунучун төмөндөткөн ликопин бар.

Канцерогенге каршы заттардын курамындагы заттар азык өпкө, көкүрөк жана калкан бези, ичеги-карын менен ашказан сыяктуу организмдердин зыяндуу шишикке кабылуусун алдын алгыдай кылып даярдалган.

Окумуштуулардын сөзү боюнча, азыркы убакта, базарда онкологиялык ооруларды алдын ала турган азыктар жоктугун эске алынган. Бул жобо адамдарга дары-дарымектин ордуна, тамак-ашты колдонууга мүмкүндүк берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!