Күнгө күйгөндө көрсөтүлчү алгачкы жардам

Күнгө күйгөндө көрсөтүлчү алгачкы жардам
16-Июль 2018, Дүйшөмбү, 13:22

Жайдын ысык күндөрү күн алдында калып калуу өтө кооптуу. Көл жээке барып, күнгө күйбөй ле, айылда жүргөндө да аптаптуу ысыктан териге зыян келтирип алуу мүмкүн.

Күйүк эмнеден пайда болот?

Күндүн ультрафиолет нурларынын кесепетинен адамдын териси күйүп калат. Андан улам тери кызарып, сезимталдуулугу жогорулап, ооруйт. Күнгө күйүүнүн таасиринен адамдын башы айланып,эстен танып калуусу мүмкүн. Бир нече күндөн кийин күйгөн тери катмары сыйрылып түшүп калат. Муну эл арасында теринин түлөшү деп да аташат.

Териси ак адамдар күнгө тез күйүшөт. Сепкили бар аамдар да күндүн ультрафиолет нурларын өзүнө тартат. Эгер жайында күнгө күйсөң, кышында оорудан алыс болосуң деп да айтышат. Бирок, өтө оор күйүктөн адамдын териси ачышып, ооруп, уктай албашы да мүмкүн.

Күн көзүнөн кандай сактанууга болот?

Эшикте абанын температурасы өтө жогору экенин байкаган учурда сыртка шыкпаңыз;

Жээкте күн нуру түз тийип турган жерге отурбаңыз;

Болушунча күн нурунан оолак жүргөнгө тырышыңыз;

Денени күн нурунан коргогон кремдерди колдонуңуз.

Териңиздин кызарганын байкар замат күндөн алыс жерге жылыңыз.

Күн ысык кезде жабык имаратка кирген жакшы.

Күйүктү кандай дарылайт?

Көбүрөк суу ичиңиз, себеби суу терини тез калыбына келтирүүгө жардам берет. Күйгөн терини муздак суу алдында кармаңыз, же чүпүрөктү муздак сууга нымдап алып териге басып, муздак компресс жасаңыз.

Эгер күйүк оорутуп жаткан болсо парацетамол же ибупрофен ичиңиз.

Териңиз кайра калыбына келгенге чейин жабык жана кенен кийим кийип жүрүңүз. Күйгөн териге алоэ ширесин сүйкөңуз.

Күндөн күйгөн жериңизди самын менен же скраб менен жубаңыз. Себеби, мындай каттууы жуунучу каражаттар теринин араң турган бетине зыян келтирип, микробтор денеңизге кирип кетиши мүмкүн.

Күнгө каршы крем менен майларды күйүп калган териге колдонууга болбойт. Бул дарылык заттар терини күн нурларынын коргоо үчүн таптыргыс курал болгону менен, күйгөн терини тез айыгуусуна зыяны болбосо, пайдасы жок.

Эгер бейтаптын ысыгы көтөрүлүп, жүрөгү айланып, башы ооруса дарыгерге көрүнгөн жакшы. Себеби жөн гана күйүктүн кесепеттери көп болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!