Ден-соолуктун начарлап жатышынын белгилери

Ден-соолуктун начарлап жатышынын белгилери
9-Авг. 2018, Бейшемби, 14:36

Чачтын жана тырмактын сынышы

Бул учурда сизге кальций жана витамин В жетишпей жаткан учур болот. Аларды сиз дан өсүмдүктөрү менен толуктай аласыз.

Тиштин каноосу

Организмиңизге витамин С жетишпейт. Витмин Сны сарымсактан, пияздан, мөмө-жемиштерден жана жашылчалардан ала аласыз. Ошондой эле ит мурунду кайнатып ичсеңиз да абдан пайдалуу.

Теринин кургашы

Сиздин оргнизмиңизге витамин Е жетишпей жатат. Ошондуктан, күнүмдүк тамак-ашка жаңгак, майлуу балык жана өсүмдүк майын көп колдонуңуз.

Бир туруп ачуу жегиңиз келет

Организмде инфекция болушу мүмкүн.

Түн ичинде буттардын тырышып калуусу

Бул дагы магний менен калийдин жетпегендигинен кабар берет.

Табитиңиз таттууга тартат

Мүмкүн сиз нерв жактан тынчсызданып жатасыз. Тезинен организмиңизди глюкоза менен толуктаңыз. Мисалы, бал, таттуу кара шоколад жеп, ошондо организмиңиз ичеги ооруларына кабылбайт.

Уйкусуздук жана тынчсыздануу

Магний менен калийдин жетишпестигинен кабар берет. Бул микроэлементтерди сиз кактан, өрүктөн, кызылчадан ала аласыз.

Тамакка туз жетпегендей сыяктанат

Балким сиз депрессияга кабылдыңыз.

Деңиз азыктарын жегиңиз келет

Организмде йод жетишпестигинен кабар берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!