Ашыкча туз ден-соолукка зыян

Ашыкча туз ден-соолукка зыян
16-Авг. 2018, Бейшемби, 10:25

Окумуштуулар күнүмдүк тамак-ашта ашыкча өлчөмдө колдонулган туздун зыяндуулугун аныкташты. Күнүгө беш граммдан аз өлчөмдө колдонулган туз гана жүрөк-кан тамыр ооруларынын өөрчүшүнө алып келбейт. Бул жыйынтыкка Канаданын Макмастера университетинин окумуштуулары келген. Аталган маалымат “The Lancet” журналына жарыяланган.

Изилдөөдө окумуштуулар тузду күнүмдүк түрдүү өлчөмдө колдонгон адамдардын заарасынан анализ алышкан. Ошондой эле 30-75 жаштагы 95 миң 767 ыктыярчынын кан басымын текшеришкен. Аталган изилдөө дүйнө жүзү боюнча 369 калктуу аймакта жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында тузду 5 граммдан ашык өлчөмдө колдонгон адамдардын артериалдык кан басымы жогору болуп чыккан.

Ошол эле учурда тузду күнүмдүк өлчөмдө аз колдонууга да болбойт. Аз колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келери аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!