Жалбыз түрдүү дартка даба

Жалбыз түрдүү дартка даба
22-Сен. 2018, Ишемби, 12:00

Жалбыздын пайдасы, жалбыздын дарылык касиети илгертен белгилүү. Жалпысынан аталган өсүмдүктүн курамында организмге пайдалуу элементтер өтө көп.

Дары катары жалбыздын жалбырактарын пайдаланышат. Анын тунмасын зыянсыздандыруучу, терди басуучу, ооруну күчөтүп жибербөөчү дары катары тамак ооруганда, кызыл ээк жаракатанганда, ал канаганда, тиш ооруганда, ошондой эле оозду жана тамакты чайкоого пайдаланса болот. Жалбызды буулап, чайкап жана ванна жасоо аркылуу териге колдонсо пайдалуу.

Денени чайкоо үчүн тунма даярдоо үчүн жалбыздын 25 грамм жалбырагын бир стакан (200 гр) ысык сууга салып, 20 мүнөттөй тундурат. Кээ бир дарыгерлер жалбыз тунмасын какырык түшүрүүчү, күч берүүчү, заараны айдап чыгаруучу, жел чыгарган, кан токтотуучу дары катары колдонууга сунушташат. Ал үчүн 10-20 грамм жалбызды 1 стаан ысык сууга салып тундуруп аш кашык менен күнүнө бир нече жолу стакандын үчтөн бирин ичет. Ошону менен бирге, жалбызды пияз менен жана бал менен кошуп пайдаланса, анын дарылык касиети артат. Адатта туберкулез менен ооруган адам кээде түндө көп тердейт. Ал үчүн 15 грамм жалбыз жалбырагын бир стакан кайнаган сууга салат да, ошол бойдон жарым стакан ичсе пайдасы тийет.

Элдик медицинасында жалбызды боор менен өт, бөйрөк түтүктөрү ооруганда, ич өткөндө, этек кир адаттан сырткары көп келгенде, ич көпкөндө, тамак кырылдап калганда, грипп менен ооруганда жана суук тийгенде колдонушат. Ошону менен бирге, жалбыздан жасалган чайдын ичеги куртун түшүрө турган касиети бар. Ошондой эле, ал нервди бекемдейт. Туберкулез менен ооругандар жөтөлгөн кезде ириң сыяктуу какырык түшсө жана катуу тердесе, жалбызды сүткө кошуп кайнатып, кээде жалбырагын бир аз суу кошулган шарапка кошуп ичишет.

Ошондой эле, жалбыздан түрдүү косметикалык маскаларды жасаса болот.

Жалбыздан жасалган маскаларды жылдын каалаган мезгилинде жасап, пайдаланууну адатка айналдырып алган жакшы. Жалбыз кургак терини нымдаштырат.

Жалбыздан маска жасоонун бир нече жолун сунуштамакчыбыз:

Бетиңиз кургак болсо:

Жалбыздын кургак жалбырактарын майдалап алыңыз. 2 аш кашык майдаланган жалбызды 2 аш кашык суу менен аралаштырыңыз. Аралашманы мешке коюп, отту азайтып коюңуз. Масканын температурасы 70 градуска жеткенде, мештен алып, муздатасыз. Бетиңизди жууп, масканы жука кылып сүйкөңуз. Үстүнөн марли коюңуз. Алдын ала мурун, көз менен оозго тешик жасап коюңуз. Жарым сааттан кийин жылуу суу менен жууп таштаңыз. Натыйжасын дароо байкаса болот.

Ал эми эгер бетиңиз кургак жана бат сиңирип алса:

Жалбыз, ромашка менен бака жалбырак өсүмдүктөрүнөн 1 аш кашыктан алып, аралаштырыңыз. Бир стакан кайнаган сууга салып, кайнатыңыз. Бкга бир чай кашык крахмал кошуңуз. 5 мүнөттөн кийин суюгун төгүп, калган масканы бетке сүйкөңуз. 30 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп таштаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты
«705» тайпанын  «Жалын жүрөк жоокерлер» аттуу спектакли болот
«705» тайпанын «Жалын жүрөк жоокерлер» аттуу спектакли болот
Назира Айтбекова Балыкчынын жаш мэрине кайрылуу жасады
Назира Айтбекова Балыкчынын жаш мэрине кайрылуу жасады
Гульназ Дуйшембиева  Өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды
Гульназ Дуйшембиева Өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды
Бишкектин бардык музейлеринде “Музейлер түнү” акциясы старт алды
Бишкектин бардык музейлеринде “Музейлер түнү” акциясы старт алды
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти"
Чачка арналган банан маскасы
Чачка арналган банан маскасы