Эмнеге көздүн ичи кызарып чыгат?

Эмнеге көздүн ичи кызарып чыгат?
26-Сен. 2018, Шаршемби, 11:33

Кээ бир адамдарда аллергия сыяктуу белгилүү бир жагдайлардан улам көздөрү кызарып калат. Бул түрдүү факторлорго байланыштуу. Мисалы, каттуу чарчоо, көзгө күндүн тийиши, сапатсыз көз боёктор, көз айнек, компьютер, керек болсо, уйкунун өзү да көздүн кызаруусуна алып келет. Ал эми андан кутулуш үчүн эмне кылыш керек? Дарыгерлер бул жагымсыз оорудан кутулуунун 7 жолу бар экенин айтышат. Сиздерге ошол дарылануу ыкмаларын сунуштамакчыбыз.

1. Сегиз сааттык уйку. Сулуу көрүнгүсү келген ар бир аял күнүнө болжол менен 8 саат укташы керек. Көз толук кандуу эс албаса күнү бою адамдын маанайы да болбойт.

2. Токсиндүү газдардын көзгө кирип кетпешине көңүл буруңуз. Бөлмөнүн терезесин күнүнө бир нече жолу ачып, бөлмөнү жагымсыз абадан тазалап туруш керек. Түтүн имараттын ичине кирбегидей кылуу кажет. Ал эми боёктор менен жумуш иштесеңиз милдеттүү түрдө ачык жерде болууга аракет кылуу зарыл. Керек болсо ашканада тамак жасап жаткан кезде суу майдын сапаттуусун колдонгон жөн. Андан бөлүнүп чыккан газ көзгө терс таасир этет.

3. Көздү күндөн коргогон көз айнекти жай айында гана тагып жүрбөй, кышында да көздөн таштабоого тырышыңыз. Анткени, ак карга чыгылышкан күн көзгө терс таасир тийгизет. Ошондой эле, күз менен жазгы желден да аталган көз айнектер сиздин көзүңүздү чаң жана башка заттардын кирип кетүүсүнөн коргойт.

4. Жалаң гана сапаттуу косметика колдонуңуз. Эгер көз менен каш боёктору организмге жакпаса аны кайра сүйкөөнүн кереги жок. Ал эми уктаардын алдында беттеги упа, кремдерди толугу менен сүртпөй жатууга болбойт.

5. Эгер көзүңүзгө линза таксаңыз, милдеттүү түрдө аны туура пайдалануу жолдорун билиңиз. Линзаны убактысында чечип, убактылуу тазалап туруш керек. Ошондой эле, линзалардын да пайдалануу мөөнөтү болоорун унутпаганыңыз оң.

6. Компьютер менен жумуш иштеген кезде ар бир 2 саат сайын милдеттүү түрдө 10-15 мүнөттүк тыныгуу жасап туруш керек. Эс алган кезде көздү жумуп, жумуштан башка дүйнө тууралуу ойлонууга болот. Ал эми көзгө пайдалуу көнүгүүлөрдү жасасаңыз андан жакшы.

7. Кондиционер же болбосо жылытуучу түзүмдөр бар бөлмөдө абанын курамы бузулат. Тактап айтканда, бөлмөдөгү нымдуулук кургап, кургак аба көздүн тез чарчоосуна алып келет. Аба менен бирге көздүн өзү да жаш бөлүү мүмкүнчүлүгүнөн арылат. Мындай учурда атайы даряларды тамчылатуу абзел.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты
«705» тайпанын  «Жалын жүрөк жоокерлер» аттуу спектакли болот
«705» тайпанын «Жалын жүрөк жоокерлер» аттуу спектакли болот
Назира Айтбекова Балыкчынын жаш мэрине кайрылуу жасады
Назира Айтбекова Балыкчынын жаш мэрине кайрылуу жасады
Гульназ Дуйшембиева  Өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды
Гульназ Дуйшембиева Өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды
Бишкектин бардык музейлеринде “Музейлер түнү” акциясы старт алды
Бишкектин бардык музейлеринде “Музейлер түнү” акциясы старт алды
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти"
Чачка арналган банан маскасы
Чачка арналган банан маскасы