Кышы-жайы бут тоңуп турса...

Кышы-жайы бут тоңуп турса...
27-Сен. 2018, Бейшемби, 12:36

"Кышы-жайы бутум таптакыр жылыбайт" деп айтып калган адамдар арабызда көп эле кездештирип келебиз. Бул эмненин белгиси? Бут эмнеге жылыбайт?

Буттун таштай тоңуп турушу- кан айланууга байланыштуу. Бул – биринчи себеби. Кан айлануу организмдеги температураны бир калптуу абалда кармайт. Буту-колуңуз жылыбаса, анда анемия, артерия тамырынын бир жери туюк же болбосо башка дагы бир маселе болушу мүмкүн. Бейкапар жүрө бербей, дарыгерге текшерилип, тийиштүү дарыларды кабыл алып, кеңеш алуу абзел. Себеби буттун ар дайым муздап, тоңуп жүрүшү ден-соолукта бир көйгөй бар экенин анык көрсөтүп турат.

Буттун тоңуп турушу гормондордун таасиринен болушу да мүмкүн. Изилдөөчүлөрдүн айтуусу боюнча, бул жагдай көбүнчө аялдарда кездешет экен. Себеби, назик жандуу аялдар сезимтал келишет эмеспи. Айланадагы ар бир өзгөрүштөргө даяр болбошу мүмкүн. Керек болсо аба температурасынын өзү да кан тамырлардын ичкеришине таасир берет. Айыз келгенде, көз жарганда гормондордун таасиринен кан айлануу системасы өзгөрүшү мүмкүн. Боорго зыян тийсе да бут тоңот. Себеби боор адам организминдеги энергиянын алмашуусуна катышат. Ошондуктан, буту-колуңуз жылыбай жүрсө, дарыгерге көрүүнү керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты
«705» тайпанын  «Жалын жүрөк жоокерлер» аттуу спектакли болот
«705» тайпанын «Жалын жүрөк жоокерлер» аттуу спектакли болот
Назира Айтбекова Балыкчынын жаш мэрине кайрылуу жасады
Назира Айтбекова Балыкчынын жаш мэрине кайрылуу жасады
Гульназ Дуйшембиева  Өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды
Гульназ Дуйшембиева Өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды
Бишкектин бардык музейлеринде “Музейлер түнү” акциясы старт алды
Бишкектин бардык музейлеринде “Музейлер түнү” акциясы старт алды
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти"
Чачка арналган банан маскасы
Чачка арналган банан маскасы