Ичегини бир аш кашык күрүч тазалайт

 Ичегини бир аш кашык күрүч тазалайт
28-Сен. 2018, Жума, 12:26

Бул дарылануу аркылуу ичегиңизди шлактар менен уулуу заттардан тазартат. Биз сунуштап отурган бул рецеп өз натыйжасын берген, кеңири таралган ыкмалардын бири.

Күрүч

Тоголок формадагы күрүчтү аласыз. Жашыңызга шайкеш келген өлчөмдө. Мисалы, жашыңыз 25те болсо, анда 25 аш кашык күрүчтү идишке салыңыз. Муздак суу менен жууйсуз. Андан кийин күрүчтүн үстүн жапкыдай кылып, кайнаган муздак суу куясыз. Идиштин бетин жаап, муздаткычка коёсуз. Эртең менен күрүчтөн 1 аш кашык алып, башка идишке салыңыз. Үстүнө муздак суу куюп, газга коёсуз. Жай отто 5 мүнөт кайнатасыз. Бышкан кезде жесеңиз болот. Бул ыкманы күндө эртең мененки 7-30да кайталап туруш керек. Күрүчтү ач карынга жеңиз. Андан соң 3 саатка чейин эч нерсе ичип-жегенге болбойт. Ал эми муздаткычтагы күрүчтүн суусун алмаштырып турууну унутпаңыз.

Эскертүү!

Күрүч организмдеги тузду гана чыгарып койбой, ошону менен катар калий элементин да жоёт. Ошондуктан күрүч менен дарыланууну баштагандан тартып тамактануу рационуңузга инжир, мейиз, кургатылган өрүк, картошка менен бал кошулган чайды кошуңуз.

Жыйынтыгында:

териңиз тазаланат жана түсү оңолот;

зат алмашу иреттелет;

боордун жумушун жакшыртат;

муун ооруларынан арылыңыз;

денеңиз жеңилдеп, күч-кубатыңыз артат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты
«705» тайпанын  «Жалын жүрөк жоокерлер» аттуу спектакли болот
«705» тайпанын «Жалын жүрөк жоокерлер» аттуу спектакли болот
Назира Айтбекова Балыкчынын жаш мэрине кайрылуу жасады
Назира Айтбекова Балыкчынын жаш мэрине кайрылуу жасады
Гульназ Дуйшембиева  Өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды
Гульназ Дуйшембиева Өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды
Бишкектин бардык музейлеринде “Музейлер түнү” акциясы старт алды
Бишкектин бардык музейлеринде “Музейлер түнү” акциясы старт алды
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти"
Чачка арналган банан маскасы
Чачка арналган банан маскасы