Мээдеги кан айлануунун бузулушунун алгачкы белгилери

Мээдеги кан айлануунун бузулушунун алгачкы белгилери
2-Окт. 2018, Шейшемби, 11:51

Жүрөк, кан-тамыр оорулары эмгекке жарактуулардын азайышы менен өлүмдүн башкы себептеринин бири болуп саналат. Мээндеги кан айлануу системасынын бузулушунун биринчи белгилери менен инсульт болгон учурдагы алгачкы жардам тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Инсульт деген – баштагы кан айлануу системасынын бузулушу, мээге кандын кетиши, мээнин субарахноидалдуу катмарына кан куюлуу менен мээнин инфаркт (ишемиялык инсульт) болушу аталат. Инсульттун бардык абалынын 70-85 пайызы ишемиялык инсультту түзөт, ал эми геморрагиялык инсульт (кан куюлуу) төрт эсе аз болот. Көбүнчө, инсультка артериалдуу гипертония себепчи болуп келет. Ага 50дөн ашкан адамдар көп кабылышат.

Бирок тынбаган жашоо агымы мененждогорку эмоционалдык абал, гиподинамия менен туура тамактанбоого байланыштуу акыркы убакта инсультка жаштар да учурап жатат. Инсульт менен ооругандарды дарылоо менен аларды айыктыруу узак убакытты талап кылат. Ошондой эле, өлүм коркунучунун пайызы жогорулап, дүйнөдө активдүү жана эмгекке жөндөмдүүлөрдүн саны төмөндөп баратканы байкалууда.

Инсульт алган адамга тез жардам келе электе алгачкы жардам көрсөтүү баарынан маанилүү.
Алгачкы жардам көрсөтүү үчүн инсульттун кандай белгилери бар экенин билүү керек. Адатта, инсульттун белгилерине комага чейинки ойлонуу жөндөмүнүн бузулушу, уйкуга тартып жатса, кыска убакытка эстен тануу.

Кээде баштын айлануусу, баштын оорусу, жүрөк айлануу же окшуу, убакыт жана мейкиндикти жоготуу белгилери байкалат.

Вегетативдүү белгилери да байкалышы мүмкүн: тердөө, жүрөктүн тез согушу, ооздун тегереги кургайт.

Инсульттун башка белгилери де пайда болушу мүмкүн: бут же колдун алсыроосу же сезимталдуулуктун төмөндөшү, эрин же болбосо бет мүчөлөрүнүн жансызданышы, тең салмактуулук менен кыймыл-аркеттин, көздүн көрүүсүнүн бузулушу, афазия (сүйлөөнүн бузулушу).

Оорунун эң алгачкы мүнөтүндө же саатында көрсөтүлгөн медициналык жардам эң натыйжалуу болуп саналат.

Себеби, ал эмдөөнүн канчалыкты ийгиликтүү өтөөрүн аныктайт. Мээдеги кан айлануу бузулган маалдагы алгачкы 3 саат (көп дегенде 6 саат) «терапевтик убакыт» деп аталат. Анткени, бул кезде мээдеги өзгөрүштөрдүн бетин бери каратууга болот.

Милдеттүү түрдө тез жардам чакыруу жана оорунун белгилери тууралуу так, толук маалымат берүү керек, ошол кезде атайы неврологиялык бригаданы жиберет.

Дарыгерлер келе электе ооруп жаткан адамга дарыгер келгенге чейинки жардамды көрсөтүү кажет.

Бул мээнин андан ары зыян тартышына жол бербөөгө жардам берет. Эң алгач эле бейтапты башы менен ийини көтөрүлүп тургандай кылып (30 градустай көтөрүп) жаткыруу керек. Эгер бейтап үйдө ооруп калса, башы менен ийинине жаздык коюңуз. Эгер көчөдөн кармап калса, чоңурак кийимди бүктөп колдонсо болот. Оорулууну башка оруган алмаштырбаңыз (мисалы төшөккө жаткыруу), бул кооптуу.

Бейтапты керектүү таза аба менен камсыз кылыңыз. Ал үчүн кур менен көйнөктүн жакасын бошотуп же калың кийимин чечиңиз. Имаратта болсоңуз, терезени ачыңыз. Бөлмөдөн ашыкча адамдар чыгып, ичинде жардам бере алгандар гана калуусу тийиш. Эгер көчөдө болгон болсо, адамдарды өз иштери менен тарап кетүүсүн сураныңыз.

Окшуган кезде адамдын башын абайлап четке буруңуз. Тунчугуп калбашы үчүн оозун кусундудан тазалаңыз. Эгер көп өлчөмдө шилекей акса, башын акырын гана четке буруңуз.
Бейтапка кан-тамырларын кеңейтүүчү дарыларды, өзгөчө – ичимдик берүүгө болбойт. Себеби, аларды ичкенден кийин мээнин башка бөлүктөрүндөгү кан-тамырлар улгайып, зыян тарткан кан тамырларга кан жакшы жетпей, ушундан улам инсульттун аягы кыйындап кетиши мүмкүн.

Инсультту аныктоо

Инсультту аныктаган 4 кадам бар:
-адамдан күлүүсүн өтүнүңүз (ал айтканды аткара албайт);
-жөнөкөй сүйлөмдү айтуусун сураңыз (сүйлөгөн сөзү түшүнүксүз);
-эки колун көтөрүүнү сураңыз (колдорун көтөрө албайт же болбосо жарым-жартылай гана көтөрөт);
-тилин чыгарууну өтүнүңүз (эгер тили кыйшайган же кайрылган болсо, ал да инсульттун белгиси).


Инсульт болгон кезде алгачкы жардамды туура берүү аркылуу адамдын өмүрүн сактап, инсульттун кесепетин азайтууга болот. Ошондуктан ар бир адам инсульттун белгилерин билип, дарыгер келгенге чейин жардам берүүгө тийиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды