“Организмге С витамини жетишпейт, РР витамини жетишпейт”,- деген сөздөрдү көп угуп калабыз. Ал жетишпей жаткан витаминди толуктоо үчүн кандай тамактарды жеш керек экенин белебизби? Билбесек, окуйлу:
А витамини – сабиз, цитрус өсүмдүктөрү, каймак май, сыр, жумуртка.
В1 – жаңгак, сулу (овес). В2 – соя буурчагы, брокколи капустасы, жумуртканын сарысы, сыр.
В5 – буурчак, күрүч, козу карын, боор, эт азыктары.
В6 – жумуртка, балык, боор, сүт.
В9 – апельсин, банан, эт, жумуртка, жаңгак.
В12 – деңиз азыктары, икра, боор, сүт, сүзмө, балық, эт, жумуртка, сыр.
D – сүт, жумуртка, балыктын майлуу сорттору, треска балыгынын боору.
Е – күн карама майы, зайтун майы, буурчак.
К – көк чөптөр, түстүү капуста, буудай жармасы, шпинат.
Н – боор, жумуртка белогу.
РР – боор, балык, сүт, жашыл жер-жемиштер, ачыткы, эт, тоок эти, сыр, жаңгак.
Жогоруда жазылгандай эт, сыр, жумуртка, боор витаминдерге бай азыктар экен. Тамакты тандап, ден-соолукка пайдалуусун жейли.