Күн муздай баштаганда кандай азыктарды жеш керек?

Күн муздай баштаганда кандай азыктарды жеш керек?
6-Окт. 2018, Ишемби, 10:39

Кылычын сүйрөп каарду кыш босогодо турганда, баардыгыбыздын иммунитетибиз алсырай баштайт. Анткени канчалаган вирус пайда болот. Ал эми алардан кутулуш үчүн туура тамактануу керек. Бүгүн сиздерге кыштын күнү организмге пайдалуу бир нече тамак-аштарды сунуштамакчыбыз.

1. Ачытылган капуста

Бул өсүмдүк В тобундагы витаминдерге жана С витаминдерине өтө бай келет.

2. Ит мурун (шиповник)

Ит мурундун курамында гана витаминдердин бардык түрүн кездештирүүгө болот. Ошону менен катар темир, калий, фосфор, магний, жез сыяктуу пайдалуу элементтер да бар.

3. Таттуу кыям (варение)

Булардын жардамы менен оргшанизмди B, C, E, D, P, K витаминдерине толтурасыз. Ал иммунитетти бекемдеп, ар түрдүү оорулар менен күрөшүүгө жардам берет.

4. Цитрус жемиштери (лимон, апельсин жана грейпфрут)

Цитрус жемиштеринун курамында аскорбин кычкылы өтө көп. Ошону менен бирге А, В, РР витаминдери жана магний, калий, темир, фосфор, кальций, натрий бар.

5. Болгар калемпири

Кан тамырларды бекемдеп, мээдеги кан айланууну калыбына келтирет. Атеросклероз одартын алдын алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!