Кан басымды дары-дарымексиз түшүрүүнүн жолдору

Кан басымды дары-дарымексиз түшүрүүнүн жолдору
9-Окт. 2018, Шейшемби, 09:39

Окумуштуулар орто жашта кан басымдын жогору болушун картайган чакта акыл-эстин бузулушуна алып келээрин далилдешти. Ошол себептен кан басымды ар дайым көзөмөлдөп туруу өтө маанилүү. Дарыгерлер дары-дарымексиз кан басымдын жогорулашын болтурбай турган 5 түрдүү жолду аныкташты. Алар:

Туз

Туздуу тамактарды колдонууга чектөө киргизиңиз. Сиздин тузду күнүмдүк колдонуу деңгээлиңиз беш граммдан ашпаган, бул болжол менен бир аш кашык өлчөмүндө болуш керек. Ошондой эле, натрий бөйрөккө, кан тамыр системасына зыян тийгизип, жүрөк кан тамыр ооруларынын пайда болушуна себепчи болот.

Ичимдик

Ичимдиктен алыс болуңуз, аны чамадан сырткары колдонуу кан басымды көтөрөт.

Кофе

Күндө ичип жаткан кофенин өлчөмүн аныктап туруңуз. Кофеиндин кан басымды көтөрөрү далилденген. Эгер сиздин кан басымыңыз тез-тезден көтөрүлсө, андан көрө чай ичиңиз. Америкалык “WebMD” саламаттыкты сактоо сайтынын маалыматтары боюнча, күнүнө ичкен бир чыны көк чай кан басымдын жогоруулосун 50 пайызга чейин азайтууга жардам берет экен.

Стресс

Стрессти азайтууга аракет кылыңыз. Окумуштуулар кандай жагдай болбосун, коркунуч жараткан жана тынчсызданууну талап кылган абалда болбош керек деп кеңеш беришет.

Жөө басуу

Сиз үчүн ар күн сайын белгилүү бир өлчөмдө дене активдүүлүгүн кармап туруу кажет. Эң маанилүүсү-жөө басуу. Көп кайталап турган дене активдүүлүгү жүрөктү бекемдеп, ал эми оорубай жакшы жургөн жүрөк кан басымды болтурбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
30-июнь күнү Lexus компаниясы 30 жылдыгын белгилейт
30-июнь күнү Lexus компаниясы 30 жылдыгын белгилейт
Бишкектеги скверде өзгөчө рояль орнотулду
Бишкектеги скверде өзгөчө рояль орнотулду
Жээнбеков: Тынчтыкты сактоо боюнча  милдеттерди биргелешип чече алабыз
Жээнбеков: Тынчтыкты сактоо боюнча милдеттерди биргелешип чече алабыз
Марий университети кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү чакырууда
Марий университети кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдү чакырууда
Экс- башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев келиндүү болду
Экс- башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев келиндүү болду
​Каарданган бука найзакерди челип ыргытты (видео)
​Каарданган бука найзакерди челип ыргытты (видео)
Бишкекте өткөн акцияда 500гө жакын адам кан тапшырды
Бишкекте өткөн акцияда 500гө жакын адам кан тапшырды
Казакстандын президентинин сүрөтү сайтка жасалып жайгаштырылганбы? Аныктап беребиз
Казакстандын президентинин сүрөтү сайтка жасалып жайгаштырылганбы? Аныктап беребиз
Кыргызстандык Джамиля Ишимбаева сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду
Кыргызстандык Джамиля Ишимбаева сулуулар сынагынын жеңүүчүсү болду
Кыргызстандык дизайнерлер Сеулда өткөн фестивалга катышты
Кыргызстандык дизайнерлер Сеулда өткөн фестивалга катышты
​“Реал” жапониялык Мессини сатып алды
​“Реал” жапониялык Мессини сатып алды
​ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95-орунда калды
​ФИФА рейтингинде Кыргызстан 95-орунда калды
Премьер-министрлик кызматка жарыш башталды
Премьер-министрлик кызматка жарыш башталды
Мунай ташыган кемедеги өрт өчүрүлдү
Мунай ташыган кемедеги өрт өчүрүлдү
ШКУ: мамлекет башчылар Бишкек декларациясына кол коюшту
ШКУ: мамлекет башчылар Бишкек декларациясына кол коюшту