Жүрөк оорунун пайда болушунун негизги беш фактору

Жүрөк оорунун пайда болушунун негизги беш фактору
10-Окт. 2018, Шаршемби, 10:28

Россиялык кордиологдор жүрөк оорусунун пайда болуу негизги себептеринин бири-организмдеги холестериндин пайда болуусу жана кандын түзүмүндөгү канттын көбөйгөндүгү деп белгилеп келишет. Муну менен бирге өз таасирин тийгизген төмөнкү беш факторлор да себеп болмокчу.

1.Кан басымынын көтөрүлүүсү

2.Чылымды көп чегүү

3.Организмдеги холестериндин жогору болуусу

4.Кандын түзүмүндөгү канттын көбөйүүсү

5.Күнүмдүк шартта туура эмес тамактангандык жана жашоодогу аз кыймылдуулук да жүрөк оорусун пайда кылат.

Мына төмөнкү негизги делген беш фактор адамдардагы жүрөк кан-тамыр оорусун пайда кылмакчы. Бардыгыбыз эле туура тамактануу, көп кыймыл аракет жасоо дегендерди билебиз, бирок аны иш жүзүндө бардыгыз эле аткара бербейбиз.

Мисалга, ун менен жасалган тамак-аштар. Аларды көп өлчөмдө колдонуу бирден-бир атеросклероз жана кант диабет оорусуна алып келет. Кант диабет оорусунун күчөгөнү дал ошол жүрөк оорусуна себеп болот. Анын белгилери-ооз көңдөйүнүн бат кургоосу, сууну көп көлөмдө ичүү жана бат чарчоо.

Ал эми холестериндин жогору болушу-жүрөктүн кан тамырларына акырындан доо кетире баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!