Ушул күздө сасык тумоонун кайсы түрү тарайт?

 Ушул күздө сасык тумоонун кайсы түрү тарайт?
12-Окт. 2018, Жума, 10:38

Күз маалы – суук түшүп түрдүү оорулар козголо баштайт эмеспи. Ошондуктан чоңдор да, кичинекей балдар да аны алдын алуулары керек. Бул жылы сасык тумоонун дагы жаңы үч түрү пайда болду.

Биринчиси – “Brisbane” (В тобу) бир адамдан экинчисине берилет. Белгилери: баш оорушу мүмкүн, мурун бүтөлүп, тамактын жана мурундун былжыр челинин сезгенип, дене алсызданып, температура ылдам 39-40 градуска чейин көтөрүлөт.

Экинчиси “Michigan” (А тобу) белгилери буга чейинки тумоо менен окшош. Ага карабастан мындай белгилер кошулат: көздүн жашылданышы, конъюнктивит, чарчоо жана уйкунун болушу. Бул абалда температурасынын 39-40 градуска чейин бир нече саат көтөрүлөт. Ооруп жаткаг адамдын белгилери бир нече сааттан кийин байкалат.

Үчүнчүсү – “HongKong” (А тобу) адамдардан, жаныбарлардан, куштардан жугат. Белгилери: баш оору негизинен чеке тарапта байкалат, температура, мурундун жана тамактын былжыр челинин кызарышы, тамагы чыкпай калат.

Дарыгерлер өзүңүздүн жана балдардын жагдайын дыкат байкоо салып турууга кеңеш беришет. Баш оору, абалдын начарлоосу, уйкучулдук, бездин пайда болушу же болбосо баш айлануу орунун пайда болуусунун белгиси болушу мүмкүн.

Вирустук инфекцияга (ОРВИ) караганда, сасык тумоо тез өрчүп, тез тарап, жүрөк айланышы мүмкүн. Температура дароо пайда болот жана дары-дарымектин жардамы менен натыйжалуу жардам бербейт, кургак жөтөл пайда болот. Муну менен кошо, вирусттук инфекция адатта бир аз алсыздык менен мүнөздөлөт: мурундун бүтөлүшү, тамак оору, жөтөл. Температура адатта 38-39 градустан ашпайт жана оңой түшөт. Абалдын начарлоосу аз-аздан гана болот.

Сасык тумоонун таралышына байланыштуу алдын алуу чараларына өзгөчө көңүл бөлүү керек – карылар, балдар, кош бойлуу аялдар, ден-соолукту сактоо кызматкерлери жана адамдар көп топтолгон жайларда жумуш иштегендер.

Иммунитетти көтөрүп, анын ооруларга туруштук берүүсүн арттырган иммундук системаны бекемдөөчү дары-дарымектерге көңүл бөлгөн оң : калоцель, арбидол, пентаглобин, афлубин, реаферон, анаферон, иммуноверин, октаган.

Эпидемия пайда болгон учурда, баланы адамдар топтолгон жерге алып баруудан чектеп, балабакча же мектепке баруудан баш тартууга болот. Чоңдор коомдук унаалардан абай буолуп, чектөө киргзүүлөрү керек. Кинотеатр, оюн-зоок жана соода борборлоруна баруудан баш тарткан оң. Күн сайын бөлмөлөргө нымдуу тазалык иштерин жүргүзүп, абасын тазалап туруш керек. Ушул жөнөкөй иш-чаралар сасык тумоону жуктуруу ыктымалдуулугун азайтууга, үй-бүлөңүздү жана өзүңүздү коргоого багытталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары жеңишке жетишти
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Көп балалуу энелерге «Баатыр эне» ордени ыйгарылды
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
Сууга агып кеткен үч жаштагы баланы издөө уланууда
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
UFC президенти: “Нурмагомедов – Фергюсон” таймашы болушу мүмкүн
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Бишкек шаарында балдар көргөзмөсү өтөт
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдык мааракеси белгиленет
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
​Керемет: Футболчу бутун тийгизбей гол киргизди (видео)
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Ишкерлерден акча талап кылган кызматкер пара менен кармалды (видео)
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
Баткен областында эки жигит сууга чөгүп каза болду
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
“ПСЖ” президенти: Мындан ары футболчулардын жылдыз оорусуна чыдабайм
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
УКМК: Икрам Илмияновго карата тергөө иши аяктады
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
​Сарри расмий түрдө “Ювентустун” башкы машыктыруучусу болду
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Өкмөт: жакыр жашаган үй-бүлөгө 100 миң сом берилет
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды
Куудул кыздын Ардак грамотасы талкууда калды