Уйкусуздуктан кантип арылабыз

Уйкусуздуктан кантип арылабыз
25-Окт. 2018, Бейшемби, 12:24

Уйкусуздук учурда абдан эле көйгөйлүү маселелердин катарын толуктоодо. Дал ушул маселе боюнча ар кимибиз жок эле дегенде бир-эки жолу баштан өткөрсөк керек.

Негизи адамдын организми чың болсо, анда ал күнүнө жок дегенде жети-сегиз саат уктап эс алат. Ал эми сиз уйкусуздук менен таң аттырып жатсаңыз, анда төмөнкү факторлор себеп болууда.

Мисалга, көп ойлонуу, тынчсыздануу, стресс, депрессия, ачуулануу, тынымсыз көп иштөө ж.б. Эгерде сиз уйкусуздук менен күрөшүүнү кааласаңыз, анда өз алдынча ар кандай дары-дармектерди колдонбош керектигин адистер эскертет. Мындай шартта бир гана өз ишин мыкты билген, тажрыйбалуу адиске кайрылганыңыз оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР