Суук аба ырайынын жүрөккө тийгизе турган коркунучу

Суук аба ырайынын жүрөккө тийгизе турган коркунучу
27-Окт. 2018, Ишемби, 10:21

Шведдик окумуштуулар жүрөгү ооруган жүздөгөн адамга изилдөө жүргүзүшүп, аяздуу күн менен суукта инфарктын көп болоорун аныкташкан.

50-89 жаш аралыгындагы 274 миң адамдын тарыхы менен таанышышкан. Алардын баарында миокард инфаркты болгон. Натыйжасында суук температурада жүрөк талмасынын 10 пайыздан көбүрөөк болоору аныкталган. Себеби суукта жүрөккө кычкылтек жеткире турган кан тамырлар катуу тарылат. Ошондой эле, сасык тумоо менен суук тийип калуу да жүрөк жумушуна таасир берет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР