Дарыгерлер күзүндө ооруп калбоонун жолун айтышты

Дарыгерлер күзүндө ооруп калбоонун жолун айтышты
31-Окт. 2018, Шаршемби, 09:25

Күн муздагандан баштап сасык тумоо менен суук тийүү башталары белгилүү. Ал эми дарыгерлер ооруп калбаш үчүн уйкуну кандырып, туура тамактануу керек дешет.

«Организмдеги витаминдердин ордун толтуруу үчүн таза жер-жемиштерди жеш керек. Өзгөчө курамында С витамини бар азыктарды көп колдонуу кажет»- дешет дарыгерлер.

Ошондой эле, сууну көбүрөөк ичип, малина менен карагаттан жасалган кыямды, имбирь менен балды, лимонды көп колдонуу зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР