Кышында өнөкөт ооруларды алдын алуу жолдору

Кышында өнөкөт ооруларды алдын алуу жолдору
3-Ноя. 2018, Ишемби, 13:26

Кышында суук тийүүнү алдын албасаңыз, эртеңки күнү дабасыз дартка айланып кетүүсү абдан мүмкүн. Ошого байланыштуу, тамагыңыз ооруп, мурдунуңуз бүтөлсө, суук тийген учурда ылдам айыгуу үчүн кеңештерди сунуштамакчыбыз.

Тамагыңыз ооруса, жылуу сууга жалбыз менен лимондун бир тилимин кошуп ичиңиз;

Кургак жөтөл пайда болсо, липанын кайнатмасын даярдап алганыңыз оң. Ар бир үч саат сайын ысык бойдон ичкен пайдалуу;

Мурдуңуз бүтүп калса, пияз же алоэ ширесин кебезге (вата) тамызып, жыттап жатыңыз;

Суук тийсе, шалфей менен лимондон чай демдесеңиз пайдасы мол. Ага бактерияга каршы жардам бере турган тимьян (чебрец) чөбүн кошсоңуз болот;

Мончого барсаңыз, милдеттүү түрдө буу бөлмөгө кирип денеңизди ысытыңыз. Эскертүү! Жүрөгү ооругандарга отурганга болбойт!

Ал эми уктаардын алдында бөлмөдөгү түрдүү бактериялардан кутулуу үчүн 5-10 мүнөт терезени ачып, абаны тазалап алыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР