Сасык тумоону кантип эмдесе болот?

Сасык тумоону кантип эмдесе болот?
20-Ноя. 2018, Шейшемби, 13:53

Кыш мезгилинде эң көп кездешкен оору – бул сасык тумоо. Жер шарында сасык тумоо менен оорубаган адам жок чыгар. Сасык тумоону жуктурбаштын жана андан тез айыгып кетүүнүн жолдору барбы? Бул суроого жооп катары элдик медицинага кайрылып көрсөк:

Сасык тумоо болгон адам күнүнө 2 литр суюктук ичип турганы жакшы. Ал организмден вирустун тез чыгып кетүүсүнө жардам берет. Ошондой эле, сасык тумоо илдети башталган кезде колду күнүнө 5-6 ирет самындап жуш керек. Бул тумоонун жугуп кетүүсүн 2 эсе төмөндөтөт.

Сасык тумоонун дагы бир дарысы – бул бал кошулган сүт. Ооруган кезде сүт кошулган чайга балдан салып жана сүткө сарымай кошуп ысык ичиңиз. 1 стакан ысык сүткө 1 чай кашык бал, майдаланган же турагычтан өткөн сарымсактын бир бөлүгүн аралаштырыңыз. Дамдуу болбосо да бул ыкма сасык тумоодон кутултат.

Сасык тумоого каршы үй өсүмдүктөрүн пайдаланууга да болот. Мисалы, алоэ жалбырагынын ширесине бир нече тамчы өсүмдүк майын кошуп, мурунга тамызыңыз. Эгер алоэ табылбаса, анын ордуна сабиз ширесин пайдаланса болот. Ага бир нече тамчы сарымсак ширесин кошууну унутпаңыз.

Мурдуңуз бүтөлүп калса, пияздын суусу да жардам берет. Ал үчүн таза кебезге пияздын суусун чылап, бир нече мүнөт мурун куушуна салып коюңуз.

Күнүнө 4-5 жолу кайталап туруш кажет. Тазартылган 50 грамдай өсүмдүк майына сарымсак (2-3 тиш) менен орточо өлчөмдөгү пияздын төрттөн бирин майдалап турап, аралаштырып, аны бир түнгө калтырасыз. Эртеси аны сүзүп, суусун мурун кушуна тамызасыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)