Вирустук гепатиттер тууралуу эмне билиш керек?

Вирустук гепатиттер тууралуу эмне билиш керек?
24-Ноя. 2018, Ишемби, 11:40

А вирустук гепатити – зыяндуу суунун же болбосо тамактын кесепетинен, тиштин санитариясынын жоктугу менен жана начар жеке гигиена менен түздөн-түз байланыштуу, ошондуктан аны кир колдун оорусу деп да аташат.

В, С, Д вирустук гепатиттери организмге кан менен же болбосо суюктук менен байланышкан кезде берилет: төрөт учурунда энеден балага; коопсуз эмес инъекциялар менен кан куюу аркылуу; сактанбаган жыныстык катнаш учурунда, инъекцияларга арналган каражаттарды бирге колдонгон кезде инъекциялык баңгизат колдонгондун натыйжасында берилет.

Е вирустук гепатити эгер адам дааратканага баргандан кийин колун жуубаса, арыктан же ачык суу сактагычтардагы вирус менен булганган сууну кайнатпай колдонгондо организмге кирет. Е гепатитинин факторлору начар санитария менен байланыштуу.

Кеңештер:

- Таза сууну ичиңиз;

- Коопсуз азык-түлүктөрдү пайдаланыңыз;

- Жеке баштын гигиена эрежелерин сактаңыз;

- Косметикалык эмдөө иштерин атайы жайларда жасаңыз;

-Күмөн санаткан тату, пирсинг-салонунан, чач тарачтан, сулуулук салонунан, барбер шоптон алыс болуңуз;

- Жалаң гана ишенимдүү адистерге гана барыңыз жана бардык курал-шаймандары сиздин көз алдыңызда кутусынан алынып жана жасалганын талап кылыңыз;

- Баңгизат колдонбоңуз;

- Коопсуз жыныстык катынашка барбаңыз;

- А жана В гепатитине каршы убактылуу вакцинациядан өтүңүз;

Ар бир адам жылына бир жолу медициналык көзөмөлдөн өтүп турушу зарыл. Мындай жол менен алар ар түрдүү ооруну алдын алат!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!