Адамдын мээсинен мурда кийин белгисиз бир бөлүгү аныкталды

Адамдын мээсинен мурда кийин белгисиз бир бөлүгү аныкталды
26-Ноя. 2018, Дүйшөмбү, 11:20

Мээ – дүйнөдөгү эң татаал объектердин бири. Мээге байланыштуу дагы бир жаңылыкты профессор Джордж Паксинос ачты.

“NeuRA” изилдөө институтунда (Австралия) иштеген Джордж Паксинос “Endorestiform Nucleus” деп аталган мээнин жаңы бөлүгү тууралуу ачылыш жасады. Анын айтуусу боюнча, ал көптөн бери бул бөлүктүн бар экендиги боюнча изилдеп келген. Бирок эми гана заманбап технологиянын жардамы менен бул божомол далилденди”,-деп жазат “New Atlas”.

“Endorestiform Nucleus” баш мээ менен омуртканын ички бөлүгүн байланыштырган жерде орун алган. Ал сенсорлу жана моторлуу маалыматты бириктирген, тең салмактуулукту сактоого жана оор кыймылдарды ишке ашырууга жардам берген аймакта жайгашкан.


Жаңы бөлүк кандай функция аткарары белгисиз. Паксиностун пикири боюнча, ал кыймыл-аракетке байланыштуу болушу мүмкүн жана Паркинсон оорусу же нейрондук ооруну айыктыруу боюнча варианттарды сунушташы мүмкүн деп эсептейт.

Эң кызыгы бул бөлүк адамдарда гана кездешет. «Бул бөлүк адамда гана кездешкендиги менен кызыктуу. Анткени биз изилдеген жаныбарларды бул бөлүк жок болуп чыкты», - дейт профессор.

Алдынкы айларда профессор Паксинос “Endorestiform Nucleus” шимпанзенин мээсинде бар жогун изилдемекчи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!