Кош бойлуу кезде грипптен кантип сактануу керек?

Кош бойлуу кезде грипптен кантип сактануу керек?
28-Ноя. 2018, Шаршемби, 10:13

Албетте, ар бир эле аялзатына кош бойлуу учурда тогуз ай бою грипптен сактануу абдан эле кыйын. Кош бойлуу кезде аялдардын гриппке кабылуусу абдан кооптуу болуп саналат. Гриппке кабылган кош бойлуу аял-убактысынан мурда төрөп кою коркунучуна, баланын ичтен өспөй калуусуна, боюнан түшүп калуусуна жана айрым учурда баланын өлүп калышына чейин кабылат.

Гриппке кабылбаш үчүн эмне кылса болот?

Гриппке кабылбоонун эң эле жакшы жолу-бул гриппке каршы вакцинация алуу. Вакцинация октябрь айынын башында башталат. Эмдөө алынган соң, анын таасири эки-үч жумада билинет. Сиз бул эмдөөнү алуу менен бир жыл бою грипптен коргонгон болосуз. Анткени, бир жолку вакцинация бир жылга жетет. Адистер вакцина алгандан соң, ал 90% грипптен коргой тургандыгын айтат.

Гриппке кабылганда дары-дармектер убактылуу гана жардам бермекчи. Ошондой эле, имунитетти көтөрүүчү дарылар дагы жок. Эң жакшы жолдордун бири-туура тамактануу, спорт менен машыгуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!