Сасык тумоодон сактануунун эң оңой жолу аныкталды

Сасык тумоодон сактануунун эң оңой жолу аныкталды
30-Ноя. 2018, Жума, 09:51

Дүйнөнүн эң мыкты окумуштуулары чогулуп, сасык тумоодон алдын алуу жолдорун издештирүү учурунда татаал илимий изилдөө жүргүзүштү. Анын натыйжасында адистер сасык тумоодон сактануунун эң оңой ыкмасы бул туура тамактануу деген пикирге келишкен. Бул тууралуу “segodnya.ua” сайты маалымдайт.

Сасык тумоо мезгил тандабаган оорулардын катарына кирет. Жайда болсун, кышта болсун ар бир адам тумоолоп калуусу мүмкүн. Бул дартты бирөөдөн жуктуруп алуу опоңой болсо, ал эми андан айыгуу кыйынчылык жаратат.

Эл аралык илимий изилдөө бирикмесинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөө жумуштары көрсөткөндөй андан сактануунун жолу биз ичип жеп жаткан тамак-ашка байланыштуу экен.

Адиcтердин айтуусу боюнча, организмде керектүү өлчөмдөгү витаминдердин болуусу шарт. Ал эми сасык тумоолоп калганда диета сыяктуу арыктоонун түрдүү ыкмаларынан баш тарткан оң.

Анткени сасык тумоо вирусунун жугуп калуу коркунучу жогору болуп турганда организмде керектүү витаминдер менен макроэлементтер болушу керек. Алардын жоктугу иммунитетин төмөндөшүнө алып келет.

Өз убактысы менен тамактануу тумоодон сактанууда эң жакшы роль аткарат. Ошол себептен эртең мененки тамакт милдеттүү түрдө ичиш керек дейт адистер.

"Кышында организм тоңуп калбаш үчүн буламык жеп, түшкү тамакка 150-200 гр эт жегенди адатка айлантуу керек. Ага кошумча, иммунитетти бир калпта кармаш үчүн йогурт же айран пайдалуу. Бирок сүт азыктары милдеттүү түрдө табигый болушу шарт. Ал эми витамендерди турдүү жашылча-жемиш, мөмөлөрдөн клетчатка, итмурун жана анардын жардмы менен толтурууга кеңеш беребиз", - дешет окумуштуулар.

Изилдөө жыйынтыгында адистер жеке тазалыкты да сактоону унутпоого чакырышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!